Биз менен байланышыңыз

Калиева: Насырбек Алмаматовду кое берген соттун жоопкерчилиги каралып жатат

Кыска кабар | 29 Янв 2020 | 369 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов Жогорку соттун төрайымынан издөөдө жүргөн Насырбек Алмаматов тууралуу сурады.

«Бишкек шаардык унааларды каттоо бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насырбек Алмаматов 2018-жылдын 2-ноябрында кармалган. Тергөө билдиргендей, ал унаа каражаттарын каттоо жана кайра каттоодо коррупциялык схема түзгөн. 2019-жылдын 25-мартында райондук сот аны 12,5 жылга эркинен ажыраткан. Бирок, июль айында шаардык сот өкүмдү өзгөртүп, ага 3,3 млн сом айып салып, эркиндикке чыккан. Кийин Жогорку сот шаардык соттун өкүмүн жокко чыгарып, биринчи инстанциядагы соттун 12,5 жылга эркинен ажыратуу чечимин күчүндө калтырган. Бул иш боюнча соттун жоопкерчилиги каралабы?» , — деп суроо узатты депутат Алмазбек Акматов Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага.

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева:

Соттун жоопкерчилиги тартиптик комиссияда каралышы мүмкүн. Эгерде ошондой сунуш келтирилсе. Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы чиновниги Насырбек Алмаматовду кое берген соттун жоопкерчилиги боюнча маселе каралып жатат, — деп жооп берди.

Акматов бул маселе Коопсуздук кеңешинде көтөрүлгөнү менен Жогорку сот аны карабаганына нааразы болду.

Эскерте кетсек, жакында эле Башкы прокуратура бул иште мамлекеттик айыптоочу болгон прокурор жумуштан алынган билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM