Биз менен байланышыңыз

«Өкмөттүн курамы күчтүү болушу үчүн кадрларды Марипов өзү тандашы керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 27 Фев 2021 | 1050 | 0

Экс-депутат, коомдук ишмер Жылдызкан Жолдошева «Маралга» берген маегинде өкмөттүн курамы алсыз экенин билдирди.

Анын айтымында, өкмөттүн курамы күчтүү болушу үчүн кадрларды премьер-министр Улукбек Марипов өзү тандашы керек.

Президент Садыр Жапаров да, парламент да ишеним артып, өкмөт башчы дайындаган соң, аткаруу бийлигинин курамын Мариповдун өзү түзүшүнө мүмкүнчүлүк бериши шарт.

«Биз көрдүк, фракция лидерлерин көбүрөөк угат дагы, премьер-министрди азыраак угуп калышат. Курама нерсе дайыма алсыз болот, курама өкмөт түзүлүп калды. Катуураак күч келсе, тигиштеринен жыртылып калат», — дейт Жолдошева.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM