Биз менен байланышыңыз

«Нариман Түлеев шаардык кеңештин шайлоосуна катышат»

Кыска кабар , Пикирлер | 27 Фев 2021 | 1678 | 0

Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев өзүнүн «Ак бата» аттуу саясий партиясы менен шаардык кеңештин шайлоосуна катышат. Бул тууралуу экс-депутат, коомдук ишмер Жылдызкан Жолдошева «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, «Ак бата» саясий партиясында команда абдан күчтүү. Партиянын курамында башка улуттун күчтүү улан-кыздары да бар.

Шаар тургундары да Түлеевдин кайрадан мэр болуп келишин күтүп жатат. Ал кызматка келсе, азыркы бийликке жеңил болмок. Анткени Түлеевдей күчтүү кризистик менеджер жок.

«Ал кандай иштегенин шаардыктар көргөнбүз, калааны гүлдөтүп коймок. Ошондуктан Түлеев шайлоого сөзсүз катышып, мэрдик кызматка мыйзам ченеминде барууга аракет кылышы керек», — дейт Жолдошева.

Copyright © 2017 Maral FM