Биз менен байланышыңыз

Жолдошева: Экономикалык антикризистик кеңеш түзүү керек

Кыска кабар , Пикирлер | 27 Фев 2021 | 802 | 0

Президенттин аппаратынын алдында сөзсүз түрдө экономикалык антикризистик кеңеш түзүлүшү керек. Анткени экономика талкаланган. Аны жалгыз өкмөт же президент жөнгө сала албайт. Мындай пикирин экс-депутат, коомдук ишмер Жылдызкан Жолдошева «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, кеңештин курамына мыкты экономист, финансисттер кириши керек. Алар экономикалык кризистен чыгуунун жол картасын түзүүсү зарыл. Өлкөдө жумушчу орундарын түзмөйүнчө, экономиканы өнүктүрүү мүмкүн эмес.

Бийлик саясий күчтөрдү бир муштумга бириктириши кажет. Экономикалык антикризистик кеңеш туура багыт берсе, Орусиялык ишкерлер каражатын Кыргызстанга жумшайт.

Президент Садыр Жапаровдун Орусияга болгон алгачки иш сапары жемиш береринен үмүт артат.

«Туура багыт, анткени Орусия — биздин стратегиялык өнөктөшүбүз. «Жемишти» терип алуу үчүн бизге тынчтык, стабилдүүлүк керек. Ал үчүн президент Садыр Жапаров элине чыккынчылык кылбаган саясий күчтөрдү, күчтүү саясий элиталардын баарын бир муштумга бириктириши кажет», — дейт Жолдошева.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM