Биз менен байланышыңыз

Быйыл кумшекердин баасы 46 пайызга өскөн

Кыска кабар | 26 Фев 2021 | 485 | 0

Улуттук статистика комитети өлкөнүн 18 калктуу конушу боюнча негизги социалдык маанилүү продуктулардын орточо керектөө бааларына мониторинг жасады.

Быйылкы жылдын 25-февралына карата кумшекерге болгон баа орто эсеп менен 59,93 сомду түзгөн жана өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 19 сомго же 46 пайызга кымбаттаган.

Эң жогору баа Жалал-Абад шаарында 64,33 сом, Ошто 64,27 сом жана Исфанада 63,65 сом болгон.

Ал эми төмөн баа Ноокатта  50 сом, Ош шаарында 48,53 сом жана Өзгөндө 46,82 сом болгон.

Кумшекердин бааларынын өсүшү быйыл январь айына салыштырмалуу Жалал-Абадда 14 пайызга, Кара-Балтада 12,7 пайызга жана Токтогул шаарында 12 пайызга өскөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM