Пентагондун маалымат катчысы Жон Кирбинин билдиришинче, соккунун натыйжасында Иран менен чек арадагы көзөмөл-өткөрмө бекеттин жанындагы бир нече имарат жок кылынды. Пентогондогу жашыруун булактар бул имараттар аткез курал-жарактарды сактоо үчүн колдонулуп келгенин айтышкан.
Пентагон Сириянын аймагына сокку урганын ырастады. Чабуул жасоо буйругун өлкө президенти Жо Байден берген. Департаменттин маалыматына караганда, соккулар АКШ өкүлдөрү жүргөн Ирактагы коалицияга каршы жасалган акыркы чабуулдарга жооп болгон.