Орусияда бир күндө 11 миң 86 адамдан коронавирус табылды. Бул тууралуу коронавирустун жайылуусуна каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабы маалымдады.
Эң көп учур Москва шаарында (1336), Санкт-Петербургда (947) жана Москва облусунда (502) катталды.
Акыркы суткада 428 адам илдеттен каза болсо, 15 миң 722 бейтап айыкты.
Орусияда пандемия башталгандан бери 4 млн 223 миң 186 адам ооруган. Ошондой эле 85 миң 304 жаран каза болуп, 3 млн 783 миң 386сы сакайган.