Биз менен байланышыңыз

Мигранттар үчүн «1+1» схемасы ишке кирет

Кыска кабар | 26 Фев 2021 | 601 | 0

Иштеп тапкан капиталын узак мөөнөттүү инвестицияга жана аманатка жумшоону каалаган эмгек мигранттарын колдоого багытталган программа иштелип чыгат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Российская газетага» берген маегинде кабарлады.

Программа 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгынын аягына чейин кабыл алынат.

Анда эмгек мигранттарынын, мекендештердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн топтогон каражатынын белгилүү бир бөлүгүн бизнес ачууга жумшашы үчүн мамлекеттик колдоо инструменттери түзүлөт. Болбосо мигранттар үчүн «1+1» схемасы менен бизнес ачууну каржылоо, аны өнүктүрүүгө жеңилдетилген насыя берүү схемасы түзүлөт.

Жапаровдун айтымында, чет жакта иштеп жаткан журтташтар мамлекеттен кандай жардамга үмүт арта аларын так билиши үчүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо иштери күчөтүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM