Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 27-февралда түнкүсүн өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт.
Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй, Талас облустарында түнкүсүн -11…-16, күндүз -1…-6;
Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…+5;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -2…+3;
Нарын облусунда түнкүсүн -18…-23, күндүз -4…-9 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -10…-12, күндүз -3…-5 градус.