Биз менен байланышыңыз

Навальный тергөө абагынан которулду

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Фев 2021 | 583 | 0

Орусиялык оппозициянын лидери Алексей Навальный «Матросская тишина» деп таанылган Москвадагы 1-тергөө абагынан колонияга которулду. Бул тууралуу анын адвокаты Вадим Кобзев маалымдады.

«Навальныйдын кайда которулганы, баш коргоо чарасы боюнча маалымат берилген жок», — деп билдирди Навальныйдын дагы бир адвокаты Ольга Михайлова.

Вадим Кобзев Навальныйды «көздөгөн» жерине жеткирүү «бир нече жуманы» алышы мүмкүн экенин, антсе да колонияга барганда туугандарына жүргөн жери жөнүндө кабарлоого мүмкүнчүлүк берилиши керектигин «Ачык Медиа» басылмасына билдирген. Ошол эле учурда ал тергөө абагынан мындай шашылыш түрдө чыгаруу тажрыйбаны бузарын айтат.

Навальный 17-январда Германиядан келгенден кийин камакка алынган. 19-январда оппозициянын лидери «Матросская Тишинанын» убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Москва соту анын камалышын мыйзамдуу деп таап, 3 жарым жылдык абак жазасын чектеген. Навальныйдын мурда да шарттуу камакта отурганы эске алынып, 1 жылы кыскартылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM