Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бир нече айып тагылып, өлкөдөн качып чыгып, АКШда жүргөнү кабарланган экс-депутат, мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевди табуу үчүн АКШ элчилигине кайрылып, жардам сурады. Айрым серепчилер үч жылдан бери табыла элек мурдагы аткаминерди издөө аракетин элди алаксытуу катары бааласа, айрымдары бир да өлкө Кыргызстандан качкан аткаминерлерди кайтарып бербестигин билдиришти.
Бир нече айып тагылган экс-депутат Аскарбек Шадиевдин дареги Америкадан изделмей болду. Мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевге Башкы прокуратура алгач «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Буга КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы себеп болгон.
Андан соң 2018-жылдын 28-апрелинде Шадиев өлкөдөн качып кеткени, АКШда жүргөнү кабарланып, Кылмыш-жаза кодексинин «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренесинде каралган белгилер боюнча да иш козголгон.
Быйыл 25-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет АКШ элчилигине расмий түрдө кайрылып, АКШда жашырынып жүргөн Аскарбек Шадиевди табууга көмөктөшүүнү өтүндү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы буларды билдирди.
«Кыргызстандын укук коргоо органдарынын мурда жиберилген эл аралык кайрылууларын АКШнын компетенттүү мамлекеттик органдары тарабынан аткарылышына көмөктөшүү өтүнүчү берилди. Аскарбек Шадиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 215-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту (кылмыштуу кирешелерди адалдоо) боюнча иш козголуп, тергөө жүргүзүлүүдө. Кыргызстандын сот органдары ага карата сыртынан камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасын караган. Интерпол тарабынан эл аралык издөө жарыяланган».
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Аскарбек Шадиевдин иши боюнча Интерполго үч ирет кайрылган. Кыргызстандын Ички иштер бөлүмүнүн ичинде Интерполдун атайын бөлүмү жайгашкан, Кыргызстан — Интерполго мүчө. Алар аркылуу Кыргызстандын качып кеткен жарандарына издөө жарыяланат. Көптөгөн жарандар учурда Интерполдун издөөсүндө жүрөт.
Коопсуздук маселелери боюнча эксперт Артур Медетбековдун айтымында, Кыргызстанда үч жолу төңкөрүш болгондон кийин саясий туруксуздук көптөгөн мамлекеттердин Кыргызстанга болгон көз карашын өзгөрттү. «Өлкөдө саясий куугунтук бар» деген ой-пикир калыптанды. Ал эми Аскарбек Шадиев АКШ менен соодалашуу иштеринин негизинде эле кармалбаса, жөн кармалып, өткөрүлүп берилет деген ишенич жок.
«Кыргызстандан уурдап, жеп, тоноп качып кеткендердин бардыгы чет өлкөгө баргандан кийин: «Биз саясий куугунтукка учурадык, бизге саясий качкын деген наам бергиле, ал жакта жашоого болбойт», — деп, туура эмес маалыматтарды берип, ошол жактан жан сактап, баш калкалап жүрүшөт. Ошонун негизинде көп учурда биздин жарандар, анын ичинде Шадиев АКШдан баш калкалоо кагазын алганга шарт түзүп алышат. Албетте, анан ал мамлекеттин укук коргоо органдары буга кайдыгер карашат. Ошондуктан бүгүнкү күнгө чейин жеке эле Шадиев эмес, ага окшогон бир нече адам качкын болуп көп мамлекеттерде жүрөт. Алыс кетпей эле коёлу, Беларусияда жүргөн Интерпол эмес, Минск конвенциясына кирген өлкөлөрдүн келишимдеринин негизинде да ушул күнгө чейин элди тоноп, уурдап кеткен качкындарды ала албай жүрбөйбүзбү? Шадиевдин жакын арада кармалышы өтө күмөндүү ойлорду пайда кылат».
2018-жылдын 26-декабрында Бишкектин Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин экс-депутаты, мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевди күнөөлүү деп таап, 10 жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияга эркинен ажыратуу жана мүлкүн мамлекетке чегерүү жөнүндө өкүм чыгарган. Эми аны Американын жардамы менен табуу аракети көрүлүп жатат. Бирок АКШ качып жүргөн жарандарды кылмыш кылганы тастыкталса да, өткөрүп бербей турганын саясатчы Равшан Жээнбеков айтууда. Себеби Кыргызстанда соттук-укуктук реформалар жасала элек. Өлкөдө маанилүү реформалар жасалгандан кийин гана башка өлкөлөр кыргыз жарандарын өткөрүп берүүгө милдеттенме алат.
«Демократиялуу өлкөлөр ал өлкөгө качып барып жашап жаткан жарандарды эч убакта Кыргызстанга өткөрүп бербейт. Анын маанилүү себептери бар. Биринчиси, Кыргызстанда соттук-укуктук реформа болгон жок. Соттук-укуктук реформа болбогон мамлекетке демократиялуу өлкө ошол өлкөнүн жарандары кылмыш кылса да өткөрүп бербейт. Анткени Кыргызстанда адилеттүү сот, адилеттүү укук коргоо органдары жана мыйзам үстөмдүгү жок. Ошондуктан биз кайсы гана өлкөгө кайрылбайлы, өзгөчө АКШ, Европа өлкөлөрү, биздин жарандар кылмышкер болсо да, кылмышы далилденген болсо да өткөрүп алуу мүмкүн эмес. Өлкөдө маанилүү реформалар жасалгандан кийин гана ал өлкөлөр биздин мамлекетке жарандарды өткөрүп берүүгө милдеттеме алат жана мыйзамдары уруксат берет. Азырынча Америка, Европа өлкөлөрү бир да жараныбызды өткөрүп бербейт. Кыргызстандын чет өлкөдө качып жүргөн жарандарын бир да өлкө кайтарып бербейт».
Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков үч жылдан бери табыла элек мурдагы аткаминер Аскарбек Шадиевди издөө аракетин элди алаксытуу катары баалайт. Депутаттын айтканына караганда, УКМКда Шадиевге байланыштуу бардык маалыматтар бар. Эгер чындап коррупция менен күрөшкүсү келсе, анда аны Америкадан экстрадиция кылууну сурашы керек.
«Шадиевдин бүгүнкү күндө кайсы жерде жашап жатканын, эмне менен алектенип жатканын, канча акчасы бар экенин УКМК эң жакшы билет. Шадиевдин камакка алынган мүлкү кимге пайда алып келип жатканын алар да жакшы түшүнөт. Бүгүнкү күндө Шадиевдин мамлекетке өткөрүп берген мүлктөрүн азыр эч ким билбей жатпайбы? Канча пайда түшүп жатат? Мына ошолорду сурабайбы? Дегеле Америкада мурда Кыргызстанда иштеп кеткен жыйырмага жакын жетекчи, элчи жүрөт, аларды эмнеге сурабайт? Шадиевдин өзүн сураганы мен үчүн таң калыштуу болуп жатат. Муну коомчулук үчүн эле берип койду, мына коррупция менен күрөш жүрүп жатат дегендей. Чындап келсе, анда Америкадан экстрадиция кылууну сурабайбы? Экстрадиция боюнча талапты койсо, анда мен башкача түшүнмөкмүн».
Бүгүнкү күндө мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимовго да мамлекеттер аралык издөө жарыяланган. Алар соттун чечимине жана тергөөчүнүн токтомуна ылайык, 2020-жылдын 13-октябрына чейин абакка кайтып келиши керек болчу. Бирок саясатчылардын азыр кайда экендиги белгисиз бойдон, ошол эле учурда алар тууралуу тиешелүү органдар да маалымат берүүдөн качып келет.