Биз менен байланышыңыз

Байден Сауд Аравиянын королу менен сүйлөштү

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Фев 2021 | 545 | 0

АКШ президенти Жо Байден Сауд Аравиясынын Королу Салман бин Абдулазиз Аль Сауд менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу «ТАСС» агенттиги жазды.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Жо Байден эки тараптуу мамилени чыңдоо иштерин улантуу ниетин билдирип, аны мүмкүн болушунча ачык-айкын жүргүзүүнү сунуштады.

Мындан тышкары жакында Американын саудиялык активисттеринин бошотулганын баалап, адамзаттын укугу АКШ үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар жалпы кызыкчылыкка негизделген маселелердин үстүндө иш алып барууга макулдашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM