Биз менен байланышыңыз

Баткенде дыйкандарга жеңилдетилген насыялар бериле баштады

Кыска кабар | 26 Фев 2021 | 564 | 0

«Айыл чарбасын каржылоо-9» долбоорунун алкагында Баткен облусунда дыйкандарга, фермерлерге, багбандарга жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү каалаган өндүрүшчүлөргө жеңилдетилген насыялар бериле баштады.

Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү кабарлагандай, 6-10%дан берилген насыя дыйканчылыкка, мал чарбасына, багбанчылык жана кайра иштетүүгө, ишкердик субъекттерин каржылоого, техникаларды алууга берилет.

Аймактын климаттык шартына ыңгайлуу, суу тартыш аймактарда тамчылатып сугаруу боюнча сунуштар колдоого алынат жана органикалык айыл чарба продукцияларын өндүрүүгө артыкчылыктар каралат.

Жеңилдетилген насыя алууну каалагандар Баткен облусундагы «Айыл Банк», «РСК Банк», «KICB», «Оптима», «Кыргызстан» банктарына кайрылса болот.

2020-жыл ичинде облус боюнча «Айыл Банк» жана «РСК Банк» тарабынан 914 ишкер мамлекеттен 432 млн 50 миң сом жеңилдетилген насыя алган.

Ошондой эле 20 ишкер мамлекеттен лизингге техникаларды алды, 10 ишкер кайра иштетүү багытында насыя алып, чакан бизнес баштаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM