Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 100 балага ылайыкталган бала бакча ачылды (сүрөт)

Кыска кабар | 26 Фев 2021 | 495 | 0

Бишкек шаарынын Тыныстанов көчөсүндөгү Салык кызматынын өрттөнүп кеткен имаратынын ордуна курулган №11 жаңы бала бакча балдарды кабыл алууга даяр.

Мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, мектепке чейинки билим берүү мекемесин педагогдор, Бишкек шаарынын ардактуу жараны Лидия Каткова, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров, вице-мэрлер Айжан Чыныбаева, Жамалбек Ырсалиев, Биринчи май районунун акими Максат Нусубалиев ачышты.

Бала бакчанын аянты 1216 чарчы метрди түзөт. Бул жерде төрт топтук ячейка бар: 2 жаш, 1 орто жана 1 улуу топ. Жалпысынан бала бакча 100 балага ылайыкташкан.

Балдар үчүн ойноочу жана уктоочу бөлмөлөр, музыкалык, спорттук залдар жана дааратканалар каралган. Биринчи кабатта кир жууган, азык-түлүк сактаган жана техникалык жай жайгашкан.

Бала бакчанын курулушуна шаардык бюджеттен 35 млн сом бөлүнүп, курулуш иштерин мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынын арызы боюнча «Эм Эс Билдинг» компаниясы жүргүздү.

Жаңы бала бакчанын пайдубалы 2019-жылы күзүндө түптөлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM