Биз менен байланышыңыз

Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды 

Кыска кабар | 26 Фев 2021 | 497 | 0

Жогорку Кеңештин 25-февралдагы жыйынында депутат Исхак Пирматов тарабынан демилгеленген «Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралды.

Жогорку Кенештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрайымы Наталья Никитенко аталган мыйзам долбоору үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыкканын билдирди.

Талкуудан соң мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Исхак Пирматов «Жоруктар жөнүндө» кодекстин 75-76-беренелерин коомдук айыптоо иштердин категориясына киргизүүнү сунуштаган. Бул учурда укук коргоо органдары жабырлануучудан арыз түшкөн-түшпөгөндүгүнө карабай, ар кандай булактардан (кошуналар, тууган-туушкандар ж.б.) алынган билдирүүлөрдүн негизинде үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө иштер боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыра алышат.

Андан тышкары мыйзам долбоору менен Жазык кодексин 179/1-беренесине толуктоо киргизүү сунушталат, анда өмүрү үчүн коркунучсуз жана ушул кодекстин 138-беренесинде каралган кесепеттерди алып келбегени менен ден соолугуна кандайдыр бир зыян тийгизгени, эмгекке жөндөмдүүлүгүнө коркунуч жаратканы үчүн беш жылдан жети жарым жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жоопкерчилик жана жаза белгиленет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM