Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Орусиялык инвестициянын көлөмү көбөйөт

Кыска кабар | 25 Фев 2021 | 661 | 0

Бүгүн, 25-февралда Садыр Жапаров Орусиялык ири бизнес өкүлдөрү менен болгон жолугушууда өлкөдөгү келечектүү экономикалык долбоорлор жөнүндө айтып берип, активдүү кызматташууга чакырды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

«Биз өз тармактарында дүйнөлүк лидер болуп эсептелген орусиялык алдыңкы компаниялар менен кызматташууга жана алардын Кыргызстанда бизнес жүргүзүүсүнө абдан кызыкдар экенибизди билдиребиз. Бүгүнкү күндө энергетика, өнөр жай жана инфратүзүм, туризм жана жаңы технологияларды өнүктүрүү маселелери биздин биргелешкен кызматташтыгыбыздын актуалдуу чөйрөсү болуп саналат. Жаңы шарттарда ири инфратүзүмдүк долбоорлор ишке ашырыларына, санариптештирүү жана жаңы технологиялар жаатында кызматташтык алдыга жыларына ишенем», — деди Мамлекет башчысы.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров өз сөзүндө жеңил өнөр жай тармагында, тигүү-текстиль жаатында биргелешкен, экспорттоого багытталган ишканаларды ачууда, ЕАЭБ жана чет өлкөлөрдүн рыногуна жеткирүү үчүн Кыргызстандын аймагында чарба продукциялардын соода-логистикалык борборлорун куруу маселелерин алга жылдыруу менен айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүү багыттарында чоң потенциал бар экенин белгиледи.

«Жалпысынан кызматташуу мүмкүнчүлүгүнүн потенциалы жогору, өз ара аракеттешүү чөйрөсү ар тараптуу. Өлкөмдүн динамикалуу, стабилдүү жана туруктуу өнүгүшүн жактаган Мамлекет башчысы катары Орусиянын ишкерлер чөйрөсүн Кыргызстанды ишенимдүү ишкер өнөктөш катары кароого үндөйм жана жигердүү кызматташуу менен ири инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга чакырам. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжалары, ошондой эле жетишилген келишимдерди ишке ашыруу жакынкы аралыкта өз ара соода көрсөткүчтөрүнө жана Кыргыз Республикасынын экономикасында россиялык инвестициялардын көлөмүнүн көбөйүшүнө таасир этерине бекем ишенем», — деп баса белгиледи Жапаров.

Президенттик кызматка киришкенден бери алгачкы чет элдик сапары менен Москвага барган президент Садыр Жапаров 24-февралда Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуу өткөрдү.

Бүгүн, 25-февралда Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен, кыргыз мигранттар жана Орусияда окуп жаткан кыргыз студенттер менен да жолугушту.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM