Биз менен байланышыңыз

Акматов: Президентке мигранттардын үнү толук жетпеди

Коом , Кыска кабар | 25 Фев 2021 | 1340 | 0

Президент Садыр Жапаров 24-февралда Орусиядагы мекендештер менен жолугушуу өткөрдү. Анда өлкө башчы социалдык коргоо жана медициналык кызмат көрсөтүү темасына токтолуп, эмгек мигранттарынын үй-бүлөлөрүн медициналык камсыздандыруу маселеси ачык бойдон калганын, чечүүнү талап кыларын белгиледи.

«Марал» радиосу Москвадагы «Ноокат» коомунун жетекчиси Толкунбай Акматов менен маек курду.   

 

Марал: Президент менен жолугушуу кандай маанайда өттү?

Толкунбай Акматов: Президент менен жолугушууга баргандардын ПЦР-тесттен өтүшү талап кылынды. Ушуну ким, эмнеге ойлоп тапканын түшүнгөн жокмун. Себеби ПЦР-тест тапшыруунун орточо баасы 2 миң рубль турат. Поликлиникага катталган айрымдар бекер тапшыра алат, бирок жолугушууга 300дөй адам чакырылса, анын жарымы эле тест тапшырды, 300 миң рубль жөн эле асманга учту. Аны да эки жерден текшеришти.

Зал толбой калды, менимче, тест тапшырууга тыйын короткусу келбегендер болду окшойт. Ошол эле учурда, Москванын четиндеги аймактардан да келгендерди көрдүм.

Марал: Садыр Жапаровдун жоопторуна ынандыңызбы?

Толкунбай Акматов: Кирип отурганда эле алгач президент сүйлөп, биз бере турган көп суроолорго жооптор айтылып калды. Жапаров сүйлөп бүткөндөн кийин спикер болуп отурган Аскат Алиев инибиз суроо берүүгө жазылгандар бар экенин айтты. Алар кайсы маалда, каяктан жазылганын эч ким түшүнбөй калды.

Биз дайыма эле суроо берип, элдин көйгөйүн айтып жүрөбүз, бул жолу да суроо берели десек, жазылгандар бар дешти, анан чоң эле адам микрофон талашпайлы деп оозубузду ачып, отуруп калдык.

Президент менен жолугушууга көбүнчө «Мекенчилдер» чакырылыптыр

Менин түшүнгөнүм боюнча, жолугушууга «Мекенчилмин» деп жүргөндөр чакырылыптыр. Мисалы, биздин «Ноокат» коомунда 70тей адам болсок, экөөбүз эле чакырылдык.

Социалдык тармактарда: «Мындай жолугушууларга дайыма дежурлар барат», — деп айтышат, бирок биз «дежурлар» болгонубуз менен, элдин көйгөйүн көтөрүп келе жатабыз. Мисалы, мен «Ноокат» коомуна аралашканыма 10 жылдай болду, ушул кезге чейин элдин маселесин көтөрүп келем.

Марал: Социалдык тармактарда: «Президент менен жолугушууда көйгөй тууралуу сурабай эле жагалданган адамдар көп болду», — деп айтылды, сиздин оюңузда тез арада чечилиши керек болгон кайсы маселелер бар, тизмектеп бересизби?

Президентке суроодон да каалоо-тилектер көп айтылды

Толкунбай Акматов: «Садыр Жапаровдон ынанымдуу жооп ала алдык» дейин десем, ага суроо берилбей эле көбүнчө каалоо-тилек айтылды. «Улуу урматтуу», «чын жүрөктөн тилектешпиз», «биз сизди куттуктайбыз» деген эле сөздөр болду. Арасында көрүнүктүү айрым гана суроолор берилди. Мисалы, Кубанычбек Осмонбеков инибиз «1+1» деген долбоор жөнүндө айтты. Ал — мигрант он миң доллар чыгарса, мамлекет он миңин чыгарып, ишкана ачууга инвестиция салуу жөнүндө долбоор.

Мындан тышкары, Эртабылды деген агай Орусиядагы кыргыз коомдору тууралуу маселе көтөрдү. Ошол коомдор менен Кыргызстандын мамлекеттик органдары түздөн-түз иштешүүсү керектигин айтты. Бул өтө ынанымдуу маселе болду. Калганы каалоо-тилек, сыйлык бермей болуп кетти.

Негизи президенттер келгенде сөздү аксакалдарга беребиз. Алар 5 мүнөт сүйлөсө, жарымын каалоо-тилектерге кетирет. Сүйлөп жатып, суроолору эсинен чыгып калат. Ошентип элдин кыжырын кайнатышат. «Суроом деле жок, каалоо-тилек айтканы эле чыктым» дегендер да бар.

Мигранттар чынында эмнеге муктаж?

Менин оюмча, тез арада чечилиши керек болгон маселелердин бири – мөөнөтү өткөн паспортторду алмаштыруу. Буга кезекке тургандар көп, ага электрондук түрдө турат. Биз электрондук почта аркылуу жазбай, атайын тиркеме иштеп чыгууну сунуштаганбыз. Себеби электрондук почтаны мигранттардын он пайызы түшүнсө, 90 пайызы түшүнбөйт экен. Электрондук почтадан жазып, «Жообу же смс менен, же вотсапка келет», — деп күтүп жүрө берип, кезегин өткөрүп жибергендер да көп.

Мигранттарды камсыздандыруу фондун түзүү 

Мигранттарды камсыздандыруу фондун ачуу боюнча 3-4 жылдан бери эле сунуш берип келе жатабыз, бирок жооп боло элек. Азыр Миграция кеңешин түзүшүптүр, бирок анын иштегенинен дайын жок.

«Камсыздандырууну компанияларга эле беребиз», — деп айтышат, менин оюмча, бул туура эмес. Бул — мигранттардын акчасын топтоп эле бирөөнү байытабыз деген сөз.

Ошондуктан фонд түзүп, акчаны бир жерге топтоп, ошол акчага мигранттарга жардам берсе болот деп эсептейм.

 

Авибилеттердин баасы 70 миңге чейин болууда

Учак маселеси өтө актуалдуу болуп турат. Өзүңүздөр билгендей, билеттердин баасы 30 миңден 70 миңге чейин чыгып атат. Бул деген — бир адам Кыргызстандан Орусияга келип, 5-6 ай иштеп кетем десе, келгенине эле 60 миң рубль кетет, жатаканасына 5-6 миң, жеген-ичкени 10 миң болуп, 70-80 миң рубль кетип калып жатат. Алган айлыгы документ иштерин эске алганда, эч нерсеге жетпей калат.

Бирок жыл сайын бул мезгилде авиабилеттин баасы арзандап, 10 миң рубль менен эки жакка да барып келчүбүз, азыр бир эле тарапка 60-70 миң рубль болууда. Бул — авиакомпаниялардын кылганы, алар өзү каалаган бааны коюп жатат.

Ушул маселелерди айттык. «Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», — дешти. Канчалык деңгээлде сүйлөшүлдү, качан чечилет, белгисиз.

Президенттик кызматка киришкенден бери алгачкы чет элдик сапары менен Москвага барган президент Садыр Жапаров 24-февралда Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуу өткөрдү.

Бүгүн, 25-февралда Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин, орус өкмөт башчысы Михаил Мишустин, Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушуулары ишке ашты.

Жапаров Орусиянын 40ка жакын ири компания өкүлдөрү менен жолугушту (тизме)

Жапаров орусиялык инвесторлорду кызматташууга чакырды

Москва: Жапаров Мамлекеттик Думанын төрагасы менен жолугушту

Орусия Кыргызстанга 100 миң ПЦР-тест берди

Жапаровдун Москва менен алгачкы алакасы

Copyright © 2017 Maral FM