Биз менен байланышыңыз

Жапаровдун Москва менен алгачкы алакасы

Кыска кабар , Саясат | 24 Фев 2021 | 955 | 0

Президент Садыр Жапаровдун Москвага алгачкы чет элдик сапары башталды. Дипломаттар бул сапар таанышуу мүнөзүндө болорун жана анын мааниси чоң экенин айтышууда. 

Президент Садыр Жапаров 24-25-февралда Орусияда иш сапары менен болот. Бүгүн эки өлкөнүн башчылары Садыр Жапаров менен Владимир Путин сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Жапаров өкмөт, парламенттин жетекчилери, Орусияда жашаган кыргыз мекендештер, бизнес коомчулугу менен да жолугат. Ал Орусияга өзү менен кошо өкмөттүн дээрлик бардык курамын алып кетти.

Президентти Орусияга кимдер коштоп кетти? (делегациянын курамы)

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров түрмөдөн чыккандан кийин кыска убакытта калың топ элдин колдоосу менен бийликке келип, алгачкы чет элдик сапарын жасап отурат. Анын Москвага иш сапары расмий же жумушчу сапар экени так айтылган жок.

Президенттин маалымат катчысы Галина Байтеректин айтымында, Жапаровду аба майданынан Орусиянын Тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко тосуп алды.

Садыр Жапаров Москвага барардын алдында бир топ «даярдыктар» жасалды. Алсак, Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине Жогорку Кеңештин депутаты Гүлнара Клара-Саматты дайындады. Бул кызмат былтыр октябрь айынан бери бош турган.

Жапаров мындан тышкары, өкмөттүк «Слово Кыргызстана» гезитине макала жарыялап, кыргыз-орус мамилеси байыртан эриш-аркак өнүгүп келе жатканын айтты.

Ошондой эле санитардык эрежелерди сактоо үчүн 10 күн обочолонуп иштеди.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин маалыматы боюнча, Садыр Жапаровдун Орусияга сапарынын алкагында Кыргызстан Евразия өнүктүрүү жана турукташтыруу фондунан 100 млн доллар жеңилдетилген насыя алууга үмүт кылууда. Ошондой эле эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө Евразия экономикалык биримдигинин алкагында техникалык жардам көрсөтүү, газдын баасын арзандатуу маселелери көтөрүлөт.

Эл аралык мамилелер боюнча эксперт, дипломат Аскар Бешимовдун пикиринде, Москва Жапаровду алгач байкайт. Өзүн кандай көрсөтсө, карым-катнаш ошого жараша уланат. Алгачкы сапарда лидерлердин ортосундагы ишенимдин пайда болушу көп нерсеге жол ачат.

— Биринчи сапар абдан маанилүү. Себеби жаңы бийлик биринчи кадамын баштап жатат. Ушул сапарда кандай сөз болот, ошого жараша Жапаров тууралуу ой-пикир калыптанат. Эл аралык мамиледе алгачкы визиттерде өлкө лидерлеринин жеке байланышы түзүлгөнү — өтө маанилүү. Биздин президентти тышкы мамлекеттердин башчылары анча тааныбайт, Жапаров да алар менен жеке тааныш эмес. Бирок азыр алгачкы кадамдарды жасап жатканда көп мүмкүнчүлүк бар. Мисалы, жолугушууда «Өзүңүздүн оюңузду айтыңыз. Мындан аркы кадамдарыңыз кандай болот? Сизден эмнени күтсө болот?» — деген сыяктуу сөздөр болот. Башкача айтканда, президенттер бири-бирин алгач байкайт, кийинки алака ошого жараша уланат.

Адистер Орусиядан Кыргызстанга колдоо абдан керек болуп турганын айтышат. Себеби өлкөдө азык-түлүк кымбаттап, жумушсуздук күчөп, бюджет какшып турган учуру.

Экономикалык реформалар боюнча адис Кайрат Итибаевдин айтымында, Кыргызстан менен Орусиянын экономикасы тыгыз байланышта болгондуктан эл көп тараптуу колдоодон үмүт кылып жатат. Айрыкча үзгүлтүксүз аба каттамдарын ачуу маселеси да орчундуу болуп турат.

-Биздин президент азыр колдоо издеп жүрөт. Туура, азыр Орусиянын көмөгүнө муктаж болуп турабыз, себеби эки өлкөнүн экономикасы тыгыз байланышта жана Кыргызстан көп тармакта Орусияга көз каранды. Өлкөдө азыр кризистик абал. Жаз келердин алдында азык-түлүктүн баасы көтөрүлдү. Лев Толстой көчөсүндө иш сурап тургандар көбөйдү. Күйүүчү майдын баасы өстү, жазында энергетикалык кризис болору күтүлүүдө. Үзгүлтүксүз каттамдарды калыбына келтирүү маселеси да көтөрүлөт болушу керек. Садыр мырза менен Путин мырзанын жылдыздары келишип калса, каттамдар да калыбына келсе, пандемия учурунда өлкөгө келип, бирок жумушсуз калгандар кайра барып иштеп калмак. Бул оор, кризистик замандын шарты болуп жатат. Менин баамымда, Садыр  Жапаровдун эл арасында рейтинги жогору, бирок Орусия аны кандай баалайт, азырынча белгисиз. Кыргыз тарап өтө жакшы даярдык менен барса, анда жыйынтыгы жакшы эле болот. Мисалы, Кыргызстан мындан 6 жыл мурун Евразия Экономикалык Биримдигине кирип жатканда мен жакшы сунуштарды бергем. ЕАЭБдин үчүнчү чектеш аймактар менен эркин экономикалык аймактарын ачып, иштетүүнү сунуштагам. Кыргызстан — Тажикстан, Өзбекстан менен чектешпиз, Казакстан, Орусия, Беларусияга чектеш жерлерде эркин экономикалык аймактарды иштетсек жакшы болмок.  

Садыр Жапаров Орусиялык «РИА Новости» маалымат агенттигине маек куруп, бул иш сапары таанышуу мүнөзүндө болорун, жеке байланыш курууга багытталганын айткан.

Эки тараптуу соода-экономикалык алака, инвестиция тартуу, бизнес чөйрөсүнүн ири компанияларын алып келүү, курулуш, транспорт, коммуникация, темир жол жана автоунаа жолдору, энергетика, айыл чарба инфратүзүмүн өнүктүрүүчү биргелешкен долбоорлор жөнүндө сөз болот.

Миграция тармагындагы маселелер да каралат.

Жапаров мындан тышкары Кыргызстан орусиялык өндүрүштөн чыккан вакцинаны колдонууга даярдыкты баштаганын айтты. «Спутник V» вакцинасы Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан каттоого алынды.

Ал ортодо Орусиялык «Коммерсантъ» басылмасы Кыргызстандын президентинин Орусияга биринчи сапары жөнүндө макала жарыялады. Автордун айтымында, Садыр Жапаров — постсоветтик саясий ландшафт үчүн уникалдуу көрүнүш. Себеби мурунку президенттерге каршы кылмыш иши козголгону жаңылык эмес, бирок түрмөдөн бийликке келген учур сейрек кездешет.

Саясатчы Жеңиш Молдокматов Орусияга биринчи жолу чоң делегация барганын белгилеп, иш сапардын жыйынтыгы тууралуу бирдеме айтууга эрте экенин айтты.

Жапаровдун Орусияга алгачкы иш сапары өткөн жылдын октябрь айында башталган Кыргызстандагы бийлик алмашуусунун фонунда болуп жатат. Анда парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына каршы өлкөдө нааразычылык акциялары өткөн. Митингчилер Садыр Жапаровду колониядан бошоткон жана ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков мөөнөтүнөн мурда кызматтан кеткен. Андан кийин бийлик Жапаровдун колуна өткөн.

Жапаров быйыл 10-январда президент болуп шайланган. Ал парламенттик башкаруу формасын президенттикке өзгөртүүнү убада кылган. Референдумду апрелде өткөрүү пландалууда. Андан кийин парламенттик шайлоо өтүп, жайга чейин баары толугу менен калыбына келтирилери айтылат. Бирок өлкөдөгү саясий кырдаалды толук турукташтыруу үчүн дагы убакыт керек деген пикирлер да жок эмес.

Орусия менен Кыргызстандын дипломатиялык мамилелери 1992-жылы 20-мартта түзүлгөн. Эки өлкөнүн Достук кызматташтык жана өз ара жардам келишимине 1992-жылы 10-июнда кол коюлган. Ал эми 2000-жылы 27-июлда «Түбөлүк достук, союздаштык жана өнөктөштүк жөнүндө» орус-кыргыз декларациясы кабыл алынган.

Эки өлкө ортосунда 160ка жакын мамлекеттер жана өкмөттөр аралык макулдашуу, келишим бар.

Орусиянын расмий маалыматы боюнча, эки өлкөнүн соода-алакасы 2019-жылы 1,8 млрд долларды түзгөн, былтыркы жылдын 7 айында тышкы соода көлөмү 946 млн доллар болду.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Орусиянын Кыргызстандын бюджетин колдоо үчүн берген гранты акыркы 7 жылда 300 млн доллардан ашты. 2018-жылы Орусия Кыргызстандын 240 млн доллар карызын толук кечкен.

Садыр Жапаровдун Орусияга визити 25-февралда да уланат. Ал бизнес коомчулугу, студенттер менен да баарлашат.

Copyright © 2017 Maral FM