Биз менен байланышыңыз

Президентти Орусияга кимдер коштоп кетти? (делегациянын курамы)

Кыска кабар | 24 Фев 2021 | 4768 | 1

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-февралда иш сапар менен Орусияга кетти. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Иш сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаров Орусия Президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Ошондой эле иш сапардын жүрүшүндө мамлекет башчынын Орусиянын Өкмөт башчысы Михаил Мишустин, Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко жана Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен эки тараптуу жолугушуулары пландаштырылган. Мындан тышкары Орусиянын бизнес-коомчулугу, Орусиядагы мекендештер жана студенттер менен жолугушары күтүлүүдө.

Президентти коштоп кеткен делегациянын курамы:

  • Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев
  • Президенттин аппарат жетекчиси Сүйүнтбек Касмамбетов
  • Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков
  • Вице-премьер-министр — Экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков
  • Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дүйшекеев
  • Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат
  • Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев
  • Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев
  • Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев
  • Айыл чарба, суу чарба жана аймактардын өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков
  • Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева
  • Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев
  • Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Алмамбет Шыкмаматов
  • Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев
  • Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов

Copyright © 2017 Maral FM