Биз менен байланышыңыз

Жапаров Орусиянын 40ка жакын ири компания өкүлдөрү менен жолугушту (тизме)

Кыска кабар | 25 Фев 2021 | 1012 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-февралда Москва шаарында Орусиянын өндүрүшчүлөр жана ишкерлер биримдигинин аянтчасында ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушту. Ал Кыргызстандагы келечектүү экономикалык долбоорлор жөнүндө айтып берип, потенциалдуу инвесторлорду активдүү кызматташууга чакырды.

Садыр Жапаров менен жолугушууга 40ка жакын ири компания катышты: 

-«Ренова» компаниялар тобу» АКынын директорлор кеңешинин төрагасы;

-«Сколково» жаңы технологияларды иштеп чыгуу жана коммерциализациялоо борборунун Өнүктүрүү фондунун директорлор кеңешинин мүчөсү,

-«Сколтехтин» (Сколково илим жана технологиялар иниституту) Камкорчулар кеңешинин төрагасы Виктор Векселберг;

«Орусия темир жолу» ААКынын башкы директорунун орун басары Вячеслав Павловский;

-«Газпром нефть» ПАКнын башкы директорунун тышкы экономикалык иштер боюнча орун басары Павел Одеров;

-Президенттин электрэнергетика тармагындагы эл аралык  кызматташуу маселелери боюнча атайын өкүлү, «Артпол Холдинг» ЖЧКсынын президенти Сергей Шматко;

-ЕАЭБ Ишкерлер кеңешинин аткаруучу катчысы Станислав Наумов;

Санарип экономика боюнча комитеттин төрагасы, «Ростелеком» ПАК президенти Михаил Осеевский;

«ФосАгро» ПАК, «ВымпелКом» ПАК, «Хюндай Мотор СНГ» ЖЧК, «Северсталь» ПАК компанияларынын, Картошка жана жашылча базарынын катышуучуларынын биримдигинин, ЕАЭБдин фармацевтикалык өндүрүүчүлөр ассоциациясынын башкармалыгынын өкүлдөрү, мунай, банк, өнөр жай, курулуш, химия, энергетикалык тамак-аш, машина куруу жана текстиль тармактарынын лидерлери катышты.

Ошондой эле жолугушууда Орусиянын министрликтери менен мамлекеттик түзүмдөрүнүн өкүлдөрү болду.

Copyright © 2017 Maral FM