Биз менен байланышыңыз

Жапаров орусиялык инвесторлорду кызматташууга чакырды

Кыска кабар | 25 Фев 2021 | 504 | 0

«Кыргызстан инвесторлорго жагымдуу шарт түзүүгө жана  аларды коргоого өзгөчө көңүл бурат». Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-февралда Москва шаарындагы Орусиянын өндүрүшчүлөр жана ишкерлер биримдигинин аянтчасында өткөн ири жолугушууда билдирди.

Мамлекет башчы Кыргызстан соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдү өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи.

Ал энергетика, тоо-кен, айыл чарба, жер казынасын пайдалануу, өнөр жай өндүрүшү жана туризм тармагында биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө эки тарап тең кызыкдар экендигин айтты.

«Биз үчүн кыргыз-орус мамилелеринин стратегиялык мүнөзүн эске алуу менен, соода-экономикалык жана өндүрүштүк-инвестициялык кызматташууну ар тараптуу кеңейтүүгө жаңы дем берүү мурда болуп көрбөгөндөй мааниге ээ. Ири инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашыруунун зарылдыгын жакшы түшүнөбүз, бул чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө, өндүрүш тармактарынын байланышын жаңылоого, жаңы өндүрүш ишканаларын түзүүгө жана тейлөө циклин арттырууга өбөлгө болот», — деди президент.

Жапаров президент катары алгачкы Жарлыктарынын бири инвестициялык чөйрөнү, бизнес климатты жана капиталдын эркин кыймылын олуттуу жакшыртуу зарылчылыгына багытталганын кошумчалады. Конституциялык реформалардан кийин жүзөгө ашырылышы мерчемделип жаткан экономикалык мүнөздөгү өзгөрүүлөрдү да айтып берди.

Биринчи кезекте, эл аралык деңгээлде таанылган жана кадыр-баркы бар ак ниет инвесторлорго өзгөчө көңүл бурулуп, ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Экинчиден, долбоорлорго жеткиликтүүлүк камсыз кылынат. Үчүнчүдөн, инвесторлор үчүн олуттуу жеңилдиктер, ошондой эле алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо чаралары каралат. «Бул багытта, Кыргызстандын белгиленген бардык маселелер боюнча тыгыз кызматташууга даяр экенине ишендиргим келет», — деди президент.

Президенттик кызматка киришкенден бери алгачкы чет элдик сапары менен Москвага барган президент Садыр Жапаров 24-февралда Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуу өткөрдү.

Бүгүн, 25-февралда Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен да жолугушту.

Copyright © 2017 Maral FM