Биз менен байланышыңыз

УКМК Шадиевди издөө үчүн АКШдан жардам сурады

Кыска кабар | 25 Фев 2021 | 691 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет АКШ элчилигине расмий түрдө кайрылып, АКШда жашырынып жүргөн мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевди табууда көмөктөшүүнү өтүндү. Бул маалыматты УКМК кабарлады.

Кыргызстандын укук коргоо органдарынын мурда жиберилген эл аралык кайрылууларын АКШнын компетенттүү мамлекеттик органдары тарабынан аткарылышына көмөктөшүү өтүнүчү берилди.

Аскарбек Шадиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 215-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту (кылмыштуу кирешелерди адалдоо) фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүлүүдө.

Кыргызстандын сот органдары ага карата сыртынан камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасын караган. Интерпол тарабынан эл аралык издөө жарыяланган.

Copyright © 2017 Maral FM