Биз менен байланышыңыз

Жапаров Орусиядагы кыргыз мигранттары менен баарлашты

Кыска кабар | 25 Фев 2021 | 451 | 0

Президент Садыр Жапаров 24-февралда Москва шаарында мекендештер жана Орусиянын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан кыргызстандык студенттер менен жолукту.

Жапаров аларга Орусия президенти Владимир Путин менен болгон жолугушуунун жыйынтыктары, чет өлкөдөгү мекендештердин көйгөйлөрүн чечүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, Орусиянын билим берүү мекемелеринде окуп жаткан студенттерге мамлекеттик колдоо жана башкалар тууралуу айтып берди.

«Биздин диаспоралар чет өлкөлөрдө мамлекеттер аралык кызматташуунун көпүрөсү болуп, курч социалдык көйгөйлөрдү ыкчам чечип, чоң роль ойноп жатат», — деп белгиледи Жапаров. Ал пандемияда Кыргызстанга жардам берген диаспоралардын, коомдук уюмдардын өкүлдөрүнө жана кайдыгер карабаган бардык мекендештерге өзгөчө ыраазычылыгын айтты.

Чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мекендештердин орчундуу көйгөйлөрүн чечүү маселелерине токтолгон Садыр Жапаров иш-чаранын катышуучуларына бул багытта мамлекеттик органдардын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө айтып берди.

Атап айтканда, Орусиянын Федералдык миграция кызматынын ар кандай мыйзам бузуулар үчүн өлкө аймагына кирүүгө тыюу салуу белгиленген «кара тизме» темасы талкууга алынды. Жапаров мекендештерди келген өлкөнүн бардык мыйзамдары менен тартиптерин сактоого чакырып, «кара тизмеден» чыгаруу жана мындай чараны айып пул же башка анча катаал эмес административдик чаралар менен алмаштыруу маселеси боюнча сүйлөшүүлөр улантыларын билдирди.

Ошондой эле эки өлкөнүн тиешелүү мекемелери жүргүзүп жаткан аба каттамдардын санын көбөйтүү боюнча сүйлөшүүлөр жакын арада оң жакка чечилишине ишенерин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM