Биз менен байланышыңыз

Орусия Тажикстанга гумжардам жөнөттү

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Фев 2021 | 460 | 0

Орусия Тажикстандагы «муктаж үй-бүлөлөрдө жашаган мектеп окуучуларына» 1 миллион долларлык гуманитардык жардам жөнөттү. Азык-түлүктөн түрүндө алынуучу турган жардам Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында берилди.

Маалыматка караганда, гуманитардык жүктүн көпчүлүгү Тажикстандын түштүк аймактарына жеткирилген. Жардам жалпысынан 22 миң муктаж үй-бүлөгө таратылат деп күтүлүүдө.

Былтыр Орусия Тажикстандын мектептериндеги тамактануу системасын өнүктүрүү үчүн 21 миллион 200 миң доллар бөлөрү кабарланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM