Биз менен байланышыңыз

Ошто бир жумада 41 айдоочу мас абалында кармалды

Кыска кабар | 22 Фев 2021 | 390 | 0

Ош шаарынын аймагында өткөн жумада 230 кылмыш катталды, анын ичинен 160 кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, калган кылмыштарды ачуу боюнча тиешелүү издөө, иликтөө иштери уланууда.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча:

  • Жол эрежесин бузган жарандарга 1836 протокол түзүлдү;
  • 99 автомашина айып короосуна киргизилди;
  • 2 жаран убактылуу баш калкалоочу жайга, 1 өспүрүм балдар борборуна жеткирилди;
  • Милициянын кайгуул кызматы тарабынан 5 кылмыш изи сууй электе ачылды;
  • 41 айдоочу мас абалында кармалды.

Copyright © 2017 Maral FM