Филиппиндин бир нече провинциясында жакындап келе жаткан «Дуцзюань» тайфунунан пайда боло турган суу ташкынынан улам 51 миң адам эвакуацияланды. Бул тууралуу «Синьхуа» агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 22-февралда Филиппиндин жээгинде ушул жылдын биринчи тропикалык бороону болот деп күтүлүүдө.
Акыркы мүнөттөргө алынган эсеп боюнча, кырсыктын чордону Суригао шаарынан 275 км чыгыш тарапта жайгашып, 25 км/саат ылдамдык менен түндүк-батышты көздөй жылып бара жатканы аныкталган. Ал эми шамалдын ылдамдыгы секундасына 18 метрден 22 метрге чейин жеткени айтылууда.