Биз менен байланышыңыз

Учурда Өкмөттүн 100 күндүк иш-аракеттер планы иштелип жатат

Кыска кабар | 21 Фев 2021 | 875 | 0

Учурда Өкмөттүн 100 күндүк иш-аракеттер планы иштелип жатат. Өкмөт аталган планды ушул  жылдын 1-июнуна чейин ишке ашырууга умтулууда. Анын негизги бөлүгүндө кагаз жүзүндө кала бербестен, реалдуу жыйынтык бере турган иш-чаралар каралган. Мындай пикирин премьер-министр Улукбек Марипов бизнес-коомчулук өкүлдөрү менен жолугушуусунда билдирди.

Премьер-министр белгилегендей, президент Садыр Жапаров тарабынан кол коюлган алгачкы жарлыктардын бири «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» жарлыгы болгон, аталган багытта Өкмөткө караштуу Экономикалык реформалар боюнча кеңеш да иш алып барууда.

Жолугушууда ишкерлер өз көйгөйлөрүн билдиришип, бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча бир катар сунуштарын киргизишти.

Жыйынтыгында премьер-министр Улукбек Марипов бизнес өкүлдөрүнө конструктивдүү пикир алышуу үчүн ыраазычылыгын айтып, 24 саат бою байланышта болууга даяр экендигин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM