Биз менен байланышыңыз

Жарандык активисттер менен өкмөт чек ара маселесин талкуулашты

Кыска кабар | 19 Фев 2021 | 457 | 0

Президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Медербек Сатыев чек ара маселелери боюнча жарандык активисттер жана Баткен, Жалал-Абад облустарынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү.

Иш-чарага Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаев, Өкмөттүн Аппаратынын, Тышкы иштер, Ички иштер министрликтери, УКМКнын жана башка министрликтер менен мекемелердин өкүлдөрү катышты.

Анда мамлекеттик чек аралардын кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек тилкелерин делимитациялоо, демаркациялоо, аймактын калган тактала элек тилкелерин тактоо жолдору жана аткезчиликке бөгөт коюу маселелери талкууланды.

Мындан сырткары, жергиликтүү тургундардын социалдык-чарбалык абалын жакшыртуу, ыңгайлуу жашоо шарттарын түзүү үчүн каражаттарды тезирээк бөлүп берүү зарылдыгы айтылды.

Медербек Сатыев айтылган бардык маалыматтар, сунуштар мамлекет башчысына билдирилерин айтып, тийиштүү мамлекеттик органдарга керектүү тапшырмалар берилерин белгиледи.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаев президент Садыр Жапаров кызматка киришкен күндөн тарта чек ара маселесин артыкчылыктуу багыттардын бири катары эсептеп, өзгөчө көзөмөлгө алгандыгын айтты.

Иш-чара суроо-жооп форматында өтүп, катышуучулар мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө суроо беришти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM