Биз менен байланышыңыз

АКШда болгон бороондон 20дан ашык адам каза тапты

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Фев 2021 | 507 | 0

АКШнын түштүк штаттарында болгон катуу бороон 21ден ашык адамдын өмүрүн алды, миллиондогон тургун электр жарыгысыз калды.

«ВВС» маалымдагандай, катуу бороондон айрыкча, Техас шаары эң көп жабыркаган.

Аба ырайынын начардыгынан Техас, Луизиана, Кентукки, Түндүк Каролина жана Миссури штаттарынын бир нече тургуну көз жумган.

АКШнын түштүк аймагындагы рекорддук суук аба ырайы бир нече күнгө созулары айтылууда. Американын 71%дан ашык аймагы кар астында калды.

Кардуу бороон Мексиканын түндүк жана борбордук бөлүгүнө да сокку урган, анын кесепетинен миллиондогон эл жашаган аймактагы электр жарыгы үзгүлтүккө учураган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM