Биз менен байланышыңыз

УКМКнын төрагасы Ташиев эртең Баткенге барат

Кыска кабар | 17 Фев 2021 | 2481 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев эртең, 18-февралда Германиядан Бишкекке учуп келет. Андан ары Баткенге сапар тартары күтүлүүдө. Бул тууралуу анын жардамчысы Өткүрбек Абдрахманов Фейсбуктагы баракчасына жазды.

— Урматтуу мекендештер, буюрса, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев эртең, 18.02.2021-ж. саат 10:00дө чет мамлекеттен «Манас» аэропортуна учуп келип, дароо саат 11:00дө Баткен облусуна учат. Тийиштүү маселелер жеринде каралат, — деп жазды ал.

Буга чейин, 12-февралда Камчыбек Ташиев Германиянын борбору Берлин шаарындагы бейтапкананын биринде жүрөгүнөн операция болгон. Анын операциядан кийинки абалы жакшы экендиги айтылган.

Камчыбек Ташиев 2020-жылдын октябрь айынан бери УКМКнын төрагасынын кызматын аркалайт.

Чек ара көйгөйүндөгү күмөндүү жагдайлар

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM