Биз менен байланышыңыз

«Этномедиа» онлайн-кинотеатрынын ачылыш аземи болду

Кыска кабар | 17 Фев 2021 | 818 | 0

Бүгүн, 17-февралда «Этномедиа» онлайн-кинотеатрынын ачылыш аземи болду. Анын негиздөөчүсү, режиссер Сүйүн Откеевдин айтымында, бул портал аркылуу дүйнөнүн бардык жеринен жаңы чыккан тасмаларды көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

— Биздин тасмаларыбыз тартылып, кинотеатрлардан көрсөтүлүп бүткөн соң, пираттык жолдор менен тарап кетчү. Мурда дисктер аркылуу тараса, кийин интернетке чыгарып салып жатышты. Бул маселе боюнча ойлонуп, ушул платформаны иштеп чыктык. 3 ай бою тесттик режимде иштеп, эми толук кандуу ишке киришти. Азыркы учурда онлайн-кинотеатрда 300дөй тасма коюлду, — дейт Откеев.

«Этномедианы» тиркеме жана сайты аркылуу колдонууга болот. Анда ар бир тасмага өзүнчө акча төлөп көрүүгө же айлык абонемент болуп колдонууга да болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM