Өлкөдө 20-февралдан 23-февралга чейин аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору кабарлады.
Маалыматка ылайык, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 21-22-февралда жана 23-февралда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
22-23-24-февралда абанын температурасы төмөндөйт.
Аймактарда төмөнкүдөй аба ырайы күтүлөт:
Чүй өрөөнүндө: түнкүсүн -1…-6°, күндүз -2…+3°;
Талас өрөөнүндө: түнкүсүн -2…-7°, күндүз -2°…+3°;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында: түнкүсүн 0…-5°, күндүз -2…+3°;
Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында: түнкүсүн -3…-8°, күндүз 0…-5°;
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында: түнкүсүн -15…-20°, күндүз -3…-8°.
Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.