Биз менен байланышыңыз

Азиядагы эң кымбат батир сатылды

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Фев 2021 | 602 | 0

Кытайдын «CK Asset Holdings» компаниясы Гонконгдо Азия боюнча эң кымбат делген батирди сатты. Бул тууралуу «Bloomberg» жазды.

Батирдин жаңы кожоюнунун аты-жөнү маалым кылынган эмес. Ал 314 чарчы метрлик турак-жайы үчүн 59 миллион доллар төлөгөн. Беш бөлмөлүү батир Мид-Левелс районунда жайгашкан.

Адистердин айтымында, мындай баа кыймылсыз мүлк рыногунун калыбына келе баштаганынан кабар берет.

Буга чейин Маунт Николсон комплексиндеги төрт жыл мурун сатылган батир Азиядагы эң кымбат батир деп табылган.

Гонконг кыймылсыз мүлк баалары боюнча ар кандай рейтингдерде дайыма биринчи орунду ээлейт. «Demographia» порталы жазгандай, ал 2020-жылы дүйнөдөгү эң кымбат үйлөрдүн рейтинги боюнча 11 жолу лидер болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM