Биз менен байланышыңыз

Байлардын тизмесин аныктаган дүйнөлүк рейтинг жаңыланды

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Фев 2021 | 593 | 0

«Bloomberg» агенттигинин версиясы боюнча «Amazon» корпорациясынын башчысы Жефф Безос кайрадан дүйнөдөгү эң бай адам аталды. Ал акыркы айларда алдына киши салдырбай келе жаткан Илон Маскты артта калтырган. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, агенттиктин эсептөөсү боюнча, шейшемби күнү биржалык соодалоонун жыйынтыгында Безостун активдеринин жалпы наркы 372 миллион долларга төмөндөп, 191 миллиард долларды түзгөн. Тесланын акцияларынын төмөндөшүнөн улам Масктын байлыгы 4,5 миллиард долларга төмөндөп, 190 миллиард долларга жеткен. «Bloomberg» агенттиги түзгөн дүйнөдөгү эң бай адамдардын рейтингинде Безос кайрадан биринчи орунду ээледи, ал эми Mаск экинчи орунда турат. Негизи бул рейтингде Безос 2017-жылдан тарта 2020-жылдын акырына чейин кармалып келген.

Үчүнчү орунда «Microsoft» компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс келе жатат. Анын байлыгы 137 миллиард долларга жетет. Гейтстен кийин 116 миллиард доллары менен «Louis Vuitton Moët Hennessy» ишканасынын президенти Бернар Арно турат. Дүйнөдөгү эң бай адамдардын бештигин «Facebook» компаниясынын кожоюну Марк Цукерберг (104 миллиард доллар) жыйынтыктады.

Агенттик түзгөн дүйнөдөгү эң бай адамдардын рейтинги АКШдагы биржалык соодалоонун жыйынтыгы боюнча күн сайын жаңыланып турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM