Биз менен байланышыңыз

Египет президенти калкын аз балалуу болууга чакырды

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Фев 2021 | 1349 | 0

Египеттин президенти Абдулфаттах ас-Сиси өлкөдөгү төрөттүн жогорку деңгээлин негизги көйгөйлөрдүн бири деп атап, бир үй-бүлөнү көп дегенде эки балалуу болууга чакырды. Бул тууралуу ал Исмаилия провинциясындагы медициналык мекемелердин ачылыш аземинде айтты.

«Бир үй-бүлөгө экиден ашык балалуу болуу чоң көйгөй жана калктын тез өсүшү кооптуу экендигин баарына айтуу керек»,- деди Ас-Сиси.

Бирок анын айтымында, өкмөт бул маселени катуу мыйзамдар жана чектөөлөр менен чечүүнү көздөбөйт.

«Толук кандуу бага албаган, жумушка орноштура албаган баланын сизге эмне кереги бар? Кайра эле алардын 50 пайызы таштанды менен аралашып, шарты жок жерлерде жашайт», — деди ал.

Анын айтымында, калктын өсүшү мамлекеттеги резервдерге шайкеш келиши керек, анын кескин өсүшү экономикага терс таасирин тийгизет.

Египеттин президенти калктын өсүшү улуттук коопсуздук маселеси экендигин баса белгиледи. Анын айтымында, кырдаал өзгөрүлбөсө жана жылдык төрөлүү деңгээли 2,4 миллиондон 400 миңге чейин төмөндөбөсө, жарандар жашоо сапатын жогорулатууга багытталган долбоорлордун таасирин сезбейт.

Египетте жылына болжол менен 2 миллиондой бала төрөлөт деп болжолдонууда. Ас-Сиси 100 миллион калкты камсыз кылуу үчүн Египетке жылына 1 триллион доллар керек экендигин жана өлкөнүн ички дүң өнүмү 250 миллиард долларды түзөрүн айтты.

Египеттин негизги байлыгы — анын калкы экендигин ар дайым баса белгилеп келген Ас-Сиси адегенде калктын көптүгүнө байланыштуу маселени көтөрдү. Египет көптөгөн жылдардан бери бул көйгөйдү чечүүгө аракет кылып келет.

Египеттин борбору Каирде калктын орто жана жогорку катмарынын арасында бир үй-бүлөдө 3төн ашык баланын болушу кабыл алынбайт. Бирок айыл жеринде үй-бүлөдөгү балдардын саны чектелбейт.

Учурда Египет калкынын саны боюнча дүйнөдө 14-орунда турат. Учурда өлкөдө 103 миллиондон ашуун адам жашайт. Алардын 20 миллионго жакыны сабатсыз деп эсептелет. Египеттин аймагынын 96 пайызы чөлдүү жана жашоого ыңгайсыз, андыктан калктын көпчүлүк бөлүгү аймактын калган 4 пайызында, негизинен Нил дарыясынын айланасында жашашат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM