Биз менен байланышыңыз

Өзбекстандагы Сардоба суу сактагычы кайрадан курулат

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Фев 2021 | 693 | 0

Былтыр май айында дамбасын суу жырып кеткен Өзбекстандагы Сардоба суу сактагычы кайра калыбына келтирилет. Бул тууралуу өлкөнүн Курулуш министрлигинин өкүлү Насрулло Бобоев билдиргенин жергиликтүү сайттар жазды.

Бул максатта ири инженердик-изилдөө иштери башталып, лабораториялык анализдер жүргүзүлүүдө.

«Азыр курулуш иштеринин мөөнөтүн айта албайм, анткени ал коомчулукка жарыяланбаган токтомдо көрсөтүлгөн», — деди Бобоев.

Ал илимий-изилдөө иштерине чет өлкөлүк уюмдар да тартылганын кошумчалады.

Өткөн жылдын 1-майында Өзбекстандагы Сардоба суу сактагычы жарылып, аймактагы айылдарды суу каптаган. Кырсыктын кесепетинен 6 адам каза болуп, 24 айылдагы 90 миңдей тургун коопсуз жайга көчүрүлгөн. Суу ташкын чектеш Казакстандын Түркстан аймагындагы 10 айылды кошо жабыркаткан. Андагы 10 миңден ашуун адам үй жайын таштап кетүүгө аргасыз болгон.

Расмий маалыматка ылайык, табигый кырсыктын кесепетинен 900гө жакын үй жашоого жараксыз деп табылып, 5624 гектар эгин аянты суунун астында калган. Казакстан жалпысынан келтирилген зыяндын көлөмү 950 миң доллар болгонун эсептеп чыккан.

Былтыр декабрда Ташкент шаардык сотунда Сардоба иши боюнча айыпталып жаткан 17 кишиге карата жабык сот жараяны башталган. Айыптоо корутундусунда суу сактагычтагы кырсыктан улам мамлекетке 45 миллиард сум (болжол менен 4 280 000 доллар) зыян келгени жазылган.

2010-жылы башталып, 2017-жылы аяктаган Сардоба суу сактагычынын курулушуна жалпысынан 1,2 триллион сум (азыркы курс боюнча 114 миллион доллар) жумшалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM