Биз менен байланышыңыз

«Яндекс»: Нааразычылыкка чыккан айдоочулар бизде иштебейт

Кыска кабар | 16 Фев 2021 | 809 | 0

«Яндекс» компаниясы бүгүн Өкмөт үйүнүн алдында өткөн айдоочулардын нааразычылыгы боюнча билдирүү таратты.

«Бул иш таштоо боюнча социалдык тармактар аркылуу гана билдик. Буга чейин айдоочулардын бири да бизге мындай талап менен кайрылган эмес. Митингге чыккан бир канча айдоочунун номерин текшерип көргөнүбүздө, алардын бизге тиешеси жок экени, биздин тапшырыктарды аткарбай турганы аныкталды. Компания кадимки режимде иштеп жатат. Айдоочулар күндөлүк тартип менен каттамдарга чыгууда. Өткөн апталарга салыштырмалуу бул жумада кызматыбыздан пайдаланган жүргүнчүлөрдүн саны өскөнү байкалды», — деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, бүгүн, 16-февралда «Яндекс» компаниясына нааразы болгон айдоочулар Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышкан.

«Яндекске» нааразы болгон айдоочулар митингге чыкты

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM