Биз менен байланышыңыз

«Яндекске» нааразы болгон айдоочулар митингге чыкты

Кыска кабар | 16 Фев 2021 | 1609 | 0

Бүгүн, 16-февралда Өкмөт үйүнүн алдында «Яндекс» такси компаниясынын Кыргызстанда иш алып баруусуна каршы болгон айдоочулар митинг уюштурушту. Бул тууралуу жеринен кабарчыбыз билдирди.

«Яндекс» компаниясында иштеген айдоочулар анын шарттары оор жана кымбат экенин айтышууда.

«Баасы элге да кымбат болууда. Айдоочулар эртеден кечке иштеп тапкан акчанын көбүн компанияга төлөп жатабыз. Алардын алчу пайызы бүгүн дагы жогорулады», — деди айдоочулардын бири Руслан Жумашев.

Айдоочулар «Яндексти» өлкөдөн чыгарып, ата мекендик такси компанияларын өнүктүрүү талабын коюп жатышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM