Биз менен байланышыңыз

Өмүрбек Суваналиев Баткен облусуна башчы болду

Кыска кабар | 15 Фев 2021 | 1055 | 0

Өмүрбек Суваналиев Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Өмүрбек Суваналиев буга чейин Коопсуздук Кеңешинин катчысынын орун басары кызматын аркалаган.

Баткен облусунун буга чейинки жетекчиси Жаныбек Жалалов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан алынды.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов берген арызына ылайык, ээлеген ордунан бошотулду. Аталган кызматка Маруфхан Тулаев дайындалды.

Copyright © 2017 Maral FM