Биз менен байланышыңыз

Казакстан өздөрү өндүргөн «Спутник V» вакцинасын каттоодон өткөрдү

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Фев 2021 | 524 | 0

Караганда шаарында өндүрүлүп жаткан коронавируска каршы орусиялык «Спутник V» вакцинасы Казакстанда каттоодон өттү. Бул тууралуу өлкөнүн COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык комиссиясы билдиргенин Борбор Азия жаңылыктар кызматы жазды.

Маалыматка караганда, Саламаттыкты сактоо министрлигинин эксперттик тобу вакцинанын каттоо досьесинин материалдары менен таанышып чыгып, анын коопсуздугу, сапаты жана натыйжалуулугу тууралуу корутундусун 13-февралда чыгарган.

Казакстан «Спутник V» вакцинасын өз аймагында колдонуу үчүн жактырган дүйнөдөгү 27-өлкө болуп калды. Бүгүнкү күндө бул вакцина Орусиядан тышкары, Беларусия, Аргентина, Сербия, Алжир, Парагвай, Түркмөнстан, Венгрия, БАЭ, Иран жана башка өлкөлөрдө каттоодон өткөн.

Казакстанда калкты «Спутник V» менен жапырт эмдөө иштери бул вакцина өлкөдө каттоодон өтө электе, 1-февралда башталган.

Ушул айдын аягына чейин Караганда фармацевтикалык комплекси тарабынан 90 миң доза «Спутник V» вакцинасын өндүрүлөрү күтүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM