Биз менен байланышыңыз

Гвинеяда Эбола эпидемиясы башталганы жарыяланды

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Фев 2021 | 550 | 0

Гвинея өкмөтү өлкөнүн түштүк тарабында Эбола безгеги тарап жатканын жарыялады. Бул тууралуу жергиликтүү булактар жазды.

Маалыматка ылайык, илдет Нзерекоре жана Гуеке шаарларында башталган. Буга байланыштуу өлкөдө эпидемияга каршы бир катар чаралар киргизилген. Алсак, Эболага чалдыккандар менен байланышта болгондордун тизмеси такталып, аларды да элден обочолонтуу иштери жүргүзүлгөн. Бул чаралар каза болгон жарандарды текшерүүдөн соң кабыл алынган.

Гвинея өкмөтүнүн маалыматына ылайык, безгекке чалдыккан алгачкы учур 28-январда каза болгон медайымда катталган. Ошондой эле аны акыркы сапарга узатуу аземине катышкан 7 адамдан да аныкталганы айтылды.

Гвинея 2014-2016-жылдары Эбола вирусунун көп таркалышы боюнча Түштүк Африка өлкөлөрүнүн алдыңкы үчтүгүнө чыккан. Ошол учурда бул ооруну 28 миңден көп адам жуктуруп алса, анын 11 миңден ашыгы каза болгон.

Гвинеяда вирустун таркалышы — Африкадагы экинчи жагдай. Жакында эле Конго мамлекети да өлкөдө Эбола вирусу менен ооругандар аныкталганын маалымдаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM