Биз менен байланышыңыз

Юристтер: Жаңы Конституция кулуарда иштелип чыкты

Кыска кабар | 15 Фев 2021 | 573 | 0

Кыргызстандагы «Юристтер бирикмеси» 2021-жылдын 9-февралында сунушталган Конституция менен 2020-жылдын 17-ноябрында сунушталган Конституциянын айырмачылыктарын түшүндүрүштү.

Алардын жүйөсүндө, 17-ноябрда сунушталган долбоордо 61 маанилүү өзгөрүү белгиленген. Ошондой эле олуттуу кемчиликтер бар, бул жоопсуз суроолорду пайда кылат.

2021-жылдын 9-февралындагы Конституция боюнча, бул долбоордо 80 өзгөрүү бар.

«Башмыйзамдын долбоору коомдук талкууга коюлган жок. Өлкөнүн башкы документи таңууланбай сунушталышы керек. Мындан тышкары, кыргызча жана орусча варианттары бири-бирине дал келбейт. Аны кабыл алуу боюнча референдумду Жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен бирге өткөрүү да шашылыш кадам болуп эсептелет», — деп айтышат юристтер.

Алардын пикиринде, жаңы сунушталган Башмыйзамда бийлик бутактарындагы тең салмак сакталган эмес. Ошондой эле аны талкуулаган Конституциялык кеңешменин түзүлүшү, иштеши легитимсиз болгон.

«Парламентте мыйзам чыгаруу милдети гана калат, күн тартибин да көзөмөлдөй албай калышты. Президенттин ыйгарым укуктары көбөйүп, ал үчүн эки чоң машина иштейт — президенттик администрация, аткаруу бийлиги. Долбоордун 85 пайызы кулуарда эле кабыл алынды. Бул долбоор элдик болбой калды».

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM