Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча Өкмөт үйүнүн алдында митинг өтүүдө (видео)

Кыска кабар | 15 Фев 2021 | 1236 | 0

Бүгүн, 15-февралда жарандык активистер кыргыз-тажик чек арасындагы маселе боюнча Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты.

Алар чек ара маселесин чечип берүү жана чек ара боюнча буга чейинки иштерди териштирип, жер саткан кызмат адамдарын жоопко тартуу талабын коюшту.

Митингдин жүрүшүндө «Чек ара» коомдук бирикмесинин өкүлү Гүлжигит Исаков сөз сүйлөп, президент Садыр Жапаровдун чек ара маселеси боюнча үн катып, коомчулукка түшүндүрмө берүүсүн талап кылды.

Ошондой эле ал бүгүн президент чек ара боюнча миттинге чыккандардан эки өкүл кабыл ала тургандыгын кошумчалады.

Белгилей кетсек, эки күн мурда Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн тургундары тажик тарап кыргыз айылдарынын жанына курулуш иштерин жүргүзүп жатканын айтып чыгышкан.

Ал эми Көк-Таш айылына кире турган жерге, жолдун боюна тажик тарап көчөт отургузуп жатканын, бул боюнча өкмөттөн уруксат берилгенин, мындан улам чек арачылар чара көрө албасын айтышып, кабатырлануусун билдиришкен.

Copyright © 2017 Maral FM