Биз менен байланышыңыз

Салык кызматы дүкөндөрдөн акциздик маркасы жок 685 таңгак тамеки тартып алды

Кыска кабар | 12 Фев 2021 | 465 | 0

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы соода жайларга жүргүзгөн атайын текшерүүнүн жыйынтыгында акциз маркасыз тамеки буюмдарын саткан дүкөндөрдү аныкташты.

Жыйынтыгында, жалпы суммасы 201,7 миң сомдук акциздик маркасы жок 685 таңгак тамеки жана стика (электрондук сигарет) тартылып алынды.

Эскерте кетсек, контрафакттык тамеки буюмдарын, анын акциздик маркасы жок жана акциздик маркасы жасалма тамеки сатуу боюнча жоопкерчиликтер каралган. Соода түйүндөрүнүн ээлери жана сатуучулар Кылмыш-жаза кодексине, Жоруктар жана Бузуулар жөнүндө кодекске ылайык жазаланат.

Салык кызматы жарандарды контрафакттык же жасалма тамеки сатылган учурду билип калган учурда жергиликтүү салык органына, ошондой эле «116» номери же (0779) 61-31-89 (whatsapp) номерине кайрылууга чакырат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM