Биз менен байланышыңыз

«Өлкөдө кадр саясатын турукташтыруу керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Фев 2021 | 679 | 0

Өлкөдө кадр саясатын турукташтыруу керек. Мындай пикирин КР эмгек сиңирген юристи Чолпонкул Арабаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, кадр маселеси — өлкөдөгү толкундоолордун себептеринин бири. Кадр тандоо көйгөй маселеге айланды. Анткени «кадр баарын чечет» деген сөз бүгүн да актуалдуулугун жоготкон жок.

Эл көбүрөөк жогорку саясий кызматта отургандарга (депутаттарга, министрлерге, өкмөттүн мүчөлөрүнө) нааразы. Айрыкча бийлик бутактарынын аппараттарына да кызматкерлер конкурстук негизде тандалып алынышы керек.

Акыркы 10 жылда Мамлекеттик кадр кызматынын мүмкүнчүлүгү чектелип калды. Мурдагы президентке жакын адамдар келип, жасалган бир топ иштерди кайра талкалап кетишти. Куда-сөөгүн, жакын туугандарын кызматка дайындоодон оолактап, кесипкөй кызматкерлерге орун берилиши керек.

Арабаев президент Садыр Жапаровдун кадр тандоо боюнча жарлыгына да токтолуп өттү.

«Эгемендүүлүк тарыхыбызда мынчалык деңгээлде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге көңүл бурулган жок. Жарлык абдан маанилүү, маңыздуу жана өз убагында чыкты», — дейт Арабаев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM