Биз менен байланышыңыз

Башмыйзамдын жаңы долбоору 17-февралда парламентте каралат

Кыска кабар | 10 Фев 2021 | 774 | 0

Башмыйзамдын жаңы долбоору парламентте 17-февралда каралат. Бул тууралуу бүгүн парламенттеги жыйында спикер Талант Мамытов билдирди.

Анын айтымында, демилгечилер Конституциянын жаңы долбоорун кийинки жуманын шаршемби күнү кароону сунуштаган. Мамытов Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү Башмыйзамдын долбоорун Жогорку Кеңешке бергенин айтты.

Белгилей кетсек, жаңы иштелип чыккан Башмыйзамдын долбоору ушул жума Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланып, коомдук талкууга коюлган болчу.

«Жаңы Конституцияга ылайык, депутаттардын саны кыскарат»

Copyright © 2017 Maral FM