Биз менен байланышыңыз

Ош облусундагы инфекциялык оорукана убактылуу жабылды

Кыска кабар | 8 Фев 2021 | 545 | 0

Ош облусундагы инфекциялык оорукана февралдын аягына чейин убактылуу жабылды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Учурда оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмү оңдоого берилди. Ал ушул жылдын февраль айынын аягына чейин бүткөрүлөт. Оңдоп-түзөө иштери «COVID- 19га каршы тез реакция кылуу» долбоорунун алкагында Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланууда.

Долбоордун максаты – COVID-19 пандемиясына реакция кылуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөөдө алдын алуу чараларына байланыштуу дары-дармектерди, чыгым материалдарын жана медициналык жабдыктарды сатып алуу, андан тышкары саламаттыкты сактоо уюмдарында шарттарды жакшыртуу жолу менен Өкмөткө колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM