Биз менен байланышыңыз

Ош: Ипотекалык негизде салынып жаткан үйлөрдүн жаңы жобосу талкууланды

Кыска кабар | 8 Фев 2021 | 365 | 0

Ош шаарында салынып жаткан ипотекалык үйлөр боюнча жаңы жобо талкууланды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Ага Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов, муниципалдык ипотекалык ишкананын жетекчиси Кутманалы Абдрахман уулу, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын кызматкерлери, мэриянын аппаратынын, профсоюздун өкүлдөрү, юристтер жана активисттер катышты.

Иш-чаранын алкагында Кутманалы Абдырахман уулу жаңы жободогу маалыматтарга токтолуп, акыркы жылдарда ипотекалык турак-жай менен камсыздоонун алкагында жүргүзүлгөн талдоо жана мониторинг иштерин эске алуу менен жаңы программанын долбооруна киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө айтып, өзгөчө муктаждыкта турган ар кандай категориядагы жарандарды колдоого басым жасалып жаткандыгына токтолду.

Жобонун долбоорун талкуулоодо Ош шаарынын мэриясынын жаңы ипотекалык программасынын долбоорунун түзүмдүк компоненти боюнча бир катар конкреттүү сунуштар айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM