Биз менен байланышыңыз

Коронавирус боюнча дүйнөдөгү соңку көрсөткүч

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Фев 2021 | 487 | 0

Бүгүн, 8-февралга карата дүйнө боюнча коронавирус инфекциясын жугузгандардын жалпы саны 106 миллион 56 миң 229 адамга жетти. Бул көрсөткүч Жонс Хопкинс университетинин маалымат порталына жарыяланды.

Вирус аныкталгандардын ичинен 59 миллион 144 миң 163 бейтап айыгып чыкса, 2 миллион 315 миң 156 бейтап каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда вирус тастыкталгандардын жалпы саны 27 миллион 4 миң 529га жетти. 463 миң 433 бейтап каза болуп, 12 миллион 125 миң 806 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия мамлекети турат. Аталган өлкөдө коронавирус инфекциясы 10 миллион 826 миң 363 адамдан аныкталган. Анын ичинен 154 миң 996 адам көз жумуп, 10 миллион 522 миң 601 бейтап айыкты.

Коронавирус боюнча үчүнчү орунда Бразилия турат. Анда 9 миллион 447 миң 165 адам вируска кабылган. 230 миң 34 бейтап көз жумса, 8 миллион 467 миң 982 бейтап оорудан сакайды.

Copyright © 2017 Maral FM