Биз менен байланышыңыз

Марипов Төрткүл суу сактагычы боюнча билдирүү жасады (видео)

Кыска кабар | 8 Фев 2021 | 534 | 0

Премьер-министр Улукбек Марипов Төрткүл суу сактагычы боюнча Өкмөттүн «Фейсбуктагы» расмий баракчасынан видео кайрылуу жасады. Ал өз сөзүндө суу сактагыч боюнча билдирүүсүн кээ бир күчтөр туура эмес жакка бурганга аракет кылгандыгын айткан.

Ошондой эле ал аталган маселени Кыргызстандын пайдасына, мыйзамдын негизинде чечүү керектигин билдирген.

Мындан сырткары, Төрткүл суу сактагычын жана анын «головнойун» стратегиялык объектилерге киргизү боюнча иш башталганын, жакында аны президентке жана Коопсуздук кеңешине сунуштай турганын кошумчалады.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин 3-февралдагы жыйынында премьер-министр Улукбек Мариповдун Баткен районундагы Төрт-Гүл суу сактагычы боюнча айткан сөзү коомчулуктун нааразылыгын пайда кылды. Анда Марипов: «Суу сактагычка куйган каналдын баш жагын алдырыптырбыз», — деген.

Андан соң парламенттин 4-февралдагы жыйынында да Төртгүл суу сактагычы боюнча айтылган маалыматты тез арада териштирүү маселеси көтөрүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM